Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айсулуу Мамашова: Биз кесиптештерибиз менен кол кармашып учурашпай калдык

«Ата Мекен» парламенттик фракциясынын лидери коронавирус жуктуруп алам деп коркпой турганын, анткени, биринчи кезекте ал үчүн кыргызстандыктардын саламаттыгы тураарын айтты

Карантин үй-бүлөңө көбүрөөк убакыт бөлүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Айсулуу Мамашова бөлүштү.

Анын айтымында бүгүн бир катар эл өкүлдөрү «COVID 19 Ынтымак менен жеңебиз» деп жазылган барактарды колдоруна кармап, флешмоб уюштурушкан.

- Флешмобдун идеясы коронавируска байланышкан көйгөйлөргө каршы бирдикте аракет кылуу, - деп тактады Мамашова. - Ынтымак жана бардык керектүү эрежелерди сактоо - бул илдетти жеңүүдө жардам мына ушулар. Бул багытта позитивдүү ой абдан аз. Күнүмдүк оокат-тиричиликте адамдар үй-бүлөсү менен жакындарына жетиштүү убакыт бөлүү керектигин эстен чыгарып коюшат. Карантиндин аркасы менен бул жагдайды өзгөртүүгө болот.

Мындан сырткары, эл өкүлү дээрлик бардык депутаттар кол кармашып учурашпай калышканын кошумчалады. Бирок, жеке анда ооруну жуктуруп алам деген коркунуч сезими жок.

- Жогорку Кенеш министрлер кабинети сыяктуу эле мурдагыдай эле иштеп жатат,- деп белгиледи Мамашова. - Кимдир бирөөдөн вирус жуктуруп алабыз деген коркунуч сезими бизде жок. Биз бет кап тагынган жокпуз, бирок, кол кармашып учурашпай калдык, гигиеналык талаптарды аткарып жатабыз.

Кыргызстанга коронавирустун жеткени Мамашованын айтымында күтүүсүз болгон жок.

- Акыры жетмек, - деп белгиледи ал. - Көптөгөн жарандарыбыз ар кайсы өлкөлөрдөн келишет. Учурда биз жарандарыбызды Кыргызстанга алып келүү маселесинин үстүндө иштеп жатабыз. Азырынча өзгөчө кырдаал абалын киргизүүгө бизде негиз жок деп ойлойм. Ооругандардын саны жүздөн ашса, мындай чара колдонуу керек болот.

Эске салсак, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус үч кишиден аныкталган.

Жогорку окуу жайларында, мектептерде, бала бакчаларда жана башка билим берүү мекемелеринде карантин жарыяланды. Мечиттерде жума намаз өткөрүүгө чектөө коюлду.

Айрым ресторандар, түнкү жана компьютердик клубдар убактылуу жабылды. Баткен базарында ири базарлар өз ишин убактылуу токтотту.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх