Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаты Момбеков коронавирус жуктурбаш үчүн беш-бармак жегиле деп сунуштады

 Парламент мүчөсү кыргыздар «Кытайдын вирусунан» эмес Кытайдын өзүнө да жеңилбегенин айтып чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков коронавирус жукпаш үчүн кыргызстандыктарга бешбармактан жеп, арактан ичип турууну сунуштады.

Парламент мүчөсү бүгүнкү күндө дүрбөлөңгө түшпөө керектигин белгиледи.

- Коронавирус дүйнөдөн келген коркунуч. Өкмөт мунун аракетин кылып жатат. Аракетиңиздер жакшы десем жаңылбас чыгармын. Биз бул нерсени дүрбөлөң, саясат кылбашыбыз керек. Кылым карыткан кыргыз мындан оор учурду да башынан өткөргөн. Кытайдын вирусунан эмес, Кытайдын өзүнөн жеңилген эмеспиз. Кандай гана кырсык болбосун кыргыз дем салдырып, укол сайдырып чыгып кеткенбиз. Кыргызды кырсыктар, кытайдын бет кабы куткарбайт, кыргыздын маркасы куткарат. Кыргыздын гени, деми күчтүү, кыргыз эли, жери касиеттүү. Иммунитетти, маанайды түшүрбөө зарыл. Иммунитетти түшүрбөш үчүн кыргыздын тамагы керек. Тамашалап айтсам, Шакинин анча-мынча арагы керек. Дүйнө бардык оюндарын токтотту. Дүйнө чемпиондугу токтотулуп жатат. Биз болсо жергиликтүү кеңештин шайлоосун токтото албай жатабыз.

Эске салсак, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда үч кишиде коронавирус аныкталган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх