Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сот Сапар Исаковго узак убакыт сүйлөөгө жол берген жок. Ал жалпысынан 8 саат сүйлөгөн

Мурдагы премьердин жактоочусу Исаковдун сөзү айыптоонун ар бир пунтктун төгүндөөдөн гана турарын айтууда

Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Воронцова мыйзамсыз түрдө Сапар Исаковдун сотто сүйлөчү сөзүн чектеп салды. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында мурдагы премьер-министрдин жактоочусу Замир Жоошев жазып чыкты.

Юрист бүгүн борбор калаанын шаардык сотунда Сапар Исаков сөзүн улантканын айткан.

- Судья Ирина Воронцова дароо эле аны сөзүн токтотууну суранды, - деп жазган жактоочу. - Андан кийин да судья бир нече жолу Исаковдун дарегине негизсих эскертүүлөрдү билдирип, анын сотто сүйлөгөн сөзүнүн узактыгын улам кайталай берди. 16-мартта Сапар Исаков 7 саатка жакын сөз сүйлөгөн, бүгүн 1 сааттай сүлөдү. Жалпысынан 8 саат.

Жоошевдин айтымында Сапар Исаковдун сөздөрү айыптоонун ар бир пунктун так фактылар менен далилдердин негизинде төгүндөөдөн гана турат. Юрист КРнын КПКнин 3-беренесине ылайык сот тараптардын жарыш сөзүн белгилүү бир мезгил менен чектей албайт.

- Төрагалык кылган судья жарыш сөзгө чыккан жактар каралып жаткан ишке байланышпаган жагдайларды айтып жатышса гана аларды токтотууга укуктуу, - деди жактоочу.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх