Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШК бүгүн жергиликтүү кеңештерге шайлоону жылдыруу маселесин карайт

Чечим өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилгенине байланыштуу кабыл алынды

Борбордук шайлоо комитет бүгүн жыйын өткөрүп, анын жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 12-апрелине белгиленген Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо процессин ишке ашыруу иш-чараларын убактылуу токтотуу маселесин карап чыгат. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалат.

Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин шайлоону убактылуу токтотуу маселесин дагы карашат.

Эске салсак, 2020-жылдын 22-мартынан тарта коронавирустун жайылышына байланыштуу Кыргызстанда бир айга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх