Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда соттук отурумдар коронавируска байланыштуу жылдырылбайт

 Жогорку сот сот залдарына иш боюнча тараптар - доогерлер, жоопкерлер, айыпталуучулар, жабырлануучулар жана алардын жактоочулары, өкүлдөрү, мамлекеттик айыптоочулар гана киргизилерин билдирди

Кыргызстанда соттук отурумдар коронавируска байланыштуу жылдырылбайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө соттордо коопсуздук чаралары күчөтүлүп, имараттарды дезинфекциялоо жана башка алдын алуу иш-чаралары уюштурулган.

-Белгилей кетүүчү жагдай, коопсуздук чаралары соттордун иштөө режимине эч кандай таасирин тийгизбейт. Анткени, мыйзамдарда арыздарды берүү, сот актыларына даттануу, бөгөт коюу чарасын аныктоо жана башка процесстик аракеттер үчүн ар кандай мөөнөттөр каралган.
Ошону менен катар эскерте кетүүчү жагдай, эгерде коомдук транспорттордун чектелгендигине байланыштуу сот процесстерине келүүгө кыйынчылыктар жаралса, тараптар каршы пикирлерин жана жүйөлөрүн почта аркылуу жиберүүгө, же болбосо жогорку инстанцияларга жөнөтүү үчүн жашаган жери боюнча соттордун канцелярияларына кат түрүндө тапшырууга укуктуу.
Ошону менен бирге, вирустун жугушун алдын алуу максатында сот залдарына иш боюнча тараптар - доогерлер, жоопкерлер, айыпталуучулар, жабырлануучулар жана алардын жактоочулары, өкүлдөрү, мамлекеттик айыптоочулар гана киргизилерин маалымдайбыз.

Ушул себептен башка жарандарды ачык сот отурумдарына катышуудан кармануусун суранабыз.
Маалымат иретинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту кассациялык инстанциядагы сот болуп эсептелгендигине жана мыйзамдарда белгиленген негизде жана тартипте укук нормаларын колдонуунун тууралыгынын маселеси боюнча сот актыларын кайра карагандыгына байланыштуу ишти кароонун күнү, убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай түрдө кабарланган ишке катышуучу жактардын кассациялык инстанциядагы соттун жыйналышына келбегендиги ишти териштирүүгө тоскоол болбойт, - дешти мекемеден.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх