Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык соту Сапар Исаковду ЖЭБ иши боюнча күнөөлүү деп тапты

Айбек Калиевдин абак мөөнөтү бир жылга кыскартылды

Бишкек шаардык сотунда шаардык ЖЭБди модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу соттук иш жыйынтыкталды.

Судьялар чечимдин корутунду бөлүгүн угузушту.

Айбек Калиевден башка айыпталуучулардын бардыгынын өкүмү өзгөртүүсүз калган. Калиевдин абак мөөнөтү бир жылга кыскартылды.

Эске салсак, ЖЭБди оңдоп-түзөө боюнча иште төмөнкүлөр соттолгон:

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков - үч жылга мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылып, мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында өтөө менен 15 жылга эркинен ажыратылган;

Улуттук энерго холдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев үч жылга мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылып, мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында өтөө менен 15 жылга эркинен ажыратылган;

экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев - 7, 5 жылга эркинен ажыратылган:

ЖЭБди модернизациялоо боюнча топтун мурдагы жетекчиси Темирлан Бримкулов жана «Электр станциялары» ишканасынын коммерциялык директору Жолдошбек Назаров сот залынан бошотулушкан

Осмонбек Артыкбаев менен мурдагы финансы министри Ольга Лаврова айып пул төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх