Атамбаевди кайтарган УКМКнын мурдагы кызматкери: Менин балдарымды көчөгө кубалап, кызматтык батирди бир айдын ичинде бошотуп берүүнү талап кылып жатышат
Канат Сагымбаев мындай демилге УКМКнын 9-кызматынын учурдагы жетекчисине таандык деп эсептейт
УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күзөт башчысы Канат Сагымбаевдин арызын КСДПнын басма сөз кызматы тараттты.
Төмөндө анын арызынын текстин жарыялайбыз.
«Мени кантип сындырыштын айласын таппаган бийликтин кошоматчылары, ак жеримден түрмөдө жатканым аз келгенсип, төрт баламды көчөгө кубалап чыгууну чечип, кызматтык батиримди «бир айдын ичинде бошотуп койгула» деп талап кылышууда!
Бул демилгени Сооронбай Жээнбековдун жээни, азыркы 9 кызматтын башчысы Санжарбек Эркинбаев көтөрүп жатат. Өлкөдө үй-бүлөлүк кландык, криминалдык режимди орнотуп, алардын колу менен мыйзамсыз иштерди каалагандай калчап жатканы, мени өкүндүрөт.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарында 17 жылдан ашык өтөгөн кызматым үчүн мамлекет тарабынан берилген кызматтык үйүмдү атайылап ойлонулган шылтоолор менен тартып алууга мыйзам эч кимге жол бербейт. Мыйзам боюнча пенсияга чыккан аскер кызматкеринин үйүн (кызматтык батирин) кызматкер дүйнөдөн кайткандан кийин да, кичүү баласы 18 жашка чыкмайынча артка кайтара алышпайт.
Кызматтык батирди бардык аскер кызматкерлери алган сыяктуу эле, өтөгөн кызматымдын стажын жана үй-бүлөлүк абалымды эске алып, баардык талаптарга жооп бергени үчүн 2017-жылы УКМКнын 9-кызматынын үй бөлүштүрүү боюнча комиссиянын чечиминин негизинде мыйзамдуу түрдө алгам.
Бул гана эмес, мыйзамга ылайык ала турган пенсиямды, алынбай калган айлыгымды белгисиз себептер менен бербей жатышкан факты бир нерседен кабар берет - бийлик мени балдарым аркылуу сындырабыз дегенден.
Бийликтин мындай мыйзамсыз кадамдарга барып жатышын, мени сындыруу максатында катардагы моралдык-психологиялык жактан кысым көрсөтүү аракети деп эсептейм!
Мени сындыруу үчүн күч органдары тарабынан байма-бай эле коркутуу, кысуу жана соодалашуулар болуп келген. Эми айла-амалдары түгөнгөндө төрт баламды көчөгө кубалап чыгып, мага басым кылып, кысым көргөзөбүз деп ойлоп жатышат.
Үй маселесинин күтүүсүздөн келип чыгышы жөн жерден эмес. Бул пас кыймыл-аракеттин артында президенттин ининси Асылбек Жээнбеков турат деп ойлойм. Анткени соттук алдын ала уктуруу учурунда «Асылбек Жээнбеков кудасы Темир Бекмамат уулу аркылуу соттук процессти көзөмөлдөп, сотко басым көрсөтүп жатат жатат» деп айтып чыккам.
Ошол себептен жээни Санжарбек Эркинбаевдин колу менен мени сындыруу максатында кысым кысым көргөзүүнү улантып жатат деп эсептейм.
Менин жигиттик, офицердик намысым, баардык кыйынчылыктардан, керек болсо өмүрүмдөн өйдө тураарын, уят-намысы жок бийликтергилерге, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевге, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго жана бийликтин ар кайсы тармактарындагы кошоматчыларына, куда, жээн, толгон токой туугандарына дагы бир жолу эскертип кетмекчимин – мен ийилем, бирок сынбайм!», - деп жазган Канат Сагымбаев.
КСДПнын басма сөз кызматы
Фото www