Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садык Шер-Нияз: Кыргызстанга ким жана кайдан коронавирусту алып келгени маанилүү эмес

ЖК депутаты кыргызстандыктарды биримдикке чакырды

ЖК депутаты Садык Шер-Ниязпарламенттин чукул жыйынын учурунда кыргызстандыктарды биримдикке чакырды.

- Бизге вирусту ким жана кайдан алып келгени маанилүү эмес - зыяратчыларбы же туристтерби, - деп белгиледи парламент мүчөсү. - Бизге ушунун кереги барбы? Биз коронавирус менен күрөшүшүбүз керек. Өлкөдө илдетти жуктургандар бар. Биз бири-бирибизди тынчтыкка чакырууга тийишпиз. Айырма жок - сен шаардыксыңбы же айылдыксыңбы, депутатсыңбы же жөнөкөй жарансыңбы, христиан же мусулмансыңбы. Биз баарыбыз бирбиз.

Эл өкүлү кыргызстандыктарды бири-бири менен бөлүшүп жатышкан маалыматтарга дыкат көңүл бөлүүнү өтүндү.

- Биздин сөздөрүбүздө негативдик маалымат камтылган жокпу байкашыбыз керек, - деп сөзүн улантты Шер-Нияз. - Кесиптештериме кайрылат элем. Өлкөдө оор кырдаал түзүлдү. Биз керек учурда күнүбү же түнүбү чогулганда даяр болушубуз керек. Кыргызстанда мен билгени өзгөчө абал режими биринчи жолу кирип жатат. Эл мындай абалда өзүн кандай алып жүрүүнү билбейт. Өкмөт коомчулукка бардыгын жакшылап жеткирүүгө тийиш.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх