Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Бабанов: Европаны карагыла. Биз алардан мыкты туруштук бере алабыз дейсиңерби?

Президентикке экс-талапкер жоопкерчиликти көзгө илбеген кыргызстандыктар туугандары менен жакындарына кыйынчылык алып келерин баса белгиледи

Президентикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов бийликтин өзгөчө кырдаал киргизүү чечимин толук колдоорун белгиледи. Бул тууралуу ал Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасына жазган.

Саясатчы ар бир жаран карантиндин эрежелерин катуу сакташы керектигин белгиледи.

«Бүгүн биз карантиндин тартибин өтө катуу сакташыбыз керек. Көчөгө чыкпай, үйдө гана болуңуздар! Эгерде өзгөчө абалга көңүл бурбай, кажетсиз көчөгө чыга берсеңиздер өзүңүздөргө эле эмес, жакын туугандарыңызга кыйынчылык алып келесиздер! Бул илдет эч кимди аябайт, өзгөчө улгайган адамдарга катуу тиет. Ойлонуңуздар, ата-энелерди аяңыздар. Жоопкерчиликти көзгө илбөө бүткүл Кыргыз өлкөбүзгө оор зыян алып келет. Ооруканалар толуп, дарыгерлер менен аппараттар жетишпей калганда абалды башкара албай калабыз.

Эгерде карантиндин бардык эрежелерин жана режимин сактап, үйдөн чыкпасак, эпидемиологдордун айтымында эки аптада абал жакшырат. Вирус жуккандар аныкталат, анын жайылышы токтотулат, андан кийин баарыбыз көчөгө чыгып, иштерибизге жана окууларыбызга кайта алабыз!
Бирок, ар бирибиз изоляцияны катуу сакташыбыз керек! Анча-мынчалар да эреже бузса, натыйжа болбойт. Мен аң сезимдүү, жоопкерчиликтүү жарандарга кайрылам, үй-бүлөңүздөр үчүн жоопкерчиликти алгыла, үйүңүздөргө вирустун киришине жол бербегиле. Эгерде кимдир бирөө бул коронавирус ага же анын үй-бүлөсүнө тийбейт десе, анда ал чоң жаңылышат. Европаны карагылачы, биз алардан мыкты туруштук бере алабыз дейсизби? Ошол эле Италияда, Испанияда, Улуу Британияда жана Германияда технологиялар, акча жана сапаттуу медицина бар. Атүгүл, алар да азыр шаймандары ооп жатат. Адамдар каза болуп, өлүмдөр прогрессиялык түрдө катуу өсүп жатат...
Башкалардын катасынан сабак алалы, болбосо биз үчүн бул чоң трагедияга айланат.
Эгерде азыр биз өз алдыбызча изоляциянып сактанбасак, мындай стрессте биз өтө узак болобуз. Коңшуларыбыз менен болгон чек араларыбыз ачылбайт, бизнес ишин кайра баштабайт, жумуш болбойт… өзүбүз, жакындарыбыз катуу кыйналабыз.
Азыр март айы. Жакында талаа иштери башталат, чабандарыбыз жайлоого кетет. Ага чейин бул вирусту бардык күчүбүздү бириктирип жеңип чыкпасак, айыл чарбабыз талкаланат.

Бийликтин өзгөчө абал жарыялаганын мен толук колдойм!

Аны өлкө бою киргизиш керек деп эсептейм.

Кечээ шаарды айланып байкап чыктым. Сейил бактарда, көчөлөрдө көптөгөн адамдар сейилдеп жүрөт. Азыр эс алуу убактысы эмес, азыр карантин. Азыр өзүбүздү изоляциялоо учуру! Бийлик катуу чара көрүшү керек. Бул убакыттын талабы.
Сиз экөөбүздү жашасын деп дарыгерлерибиз коркунучтуу абалда иштеп жатышат. Сиз экөөбүздүн коопсуздугубуз үчүн милиция коркунучтуу абалда иштеп жатат. Чек араларыбыз ишенимдүү болсун деп чек арачыларыбыз коркунучтуу абалда иштеп жатышат. Эгерде үйдөн чыкпай сактансак, биз аларга жана өзүбүзгө болгон коркунучтарды азайтабыз. Үйдөн чыкпагыла. Коронавирусту жеңебиз!», - деп жазган саясатчы.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх