Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын өкмөтү медициналык бет каптарды лицензиясыз өндүрүүгө жана сатууга убактылуу уруксат берди

Кыргызстанга жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарын дагы убактылуу мамлекеттик каттоосуз ташууга болот

Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесине кирген дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өлкөгө убактылуу мамлекеттик каттоосуз ташууга уруксат берилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) мындан ары жайылуусуна жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо максатында кабыл алынды.

«Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө», «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө», «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү чечимдерди кабыл алды:

Ушул токтом расмий жокко чыгарылганга чейин фармацевттик жана ишкердик иш-аракеттер субъекттерине төмөнкүлөргө уруксат берилди:

- Кыргыз Республикасынын Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмесине (мындан ары – Улуттук тизме) жана/же Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген коронавирус инфекциясына диагноз коюу жана дарылоо үчүн зарыл болгон дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесине (мындан ары – Тизме) киргизилген дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды (мында алып келинген дары каражаттары жана медициналык буюмдар ѳндүрүүчүнүн ѳлкѳсүндѳ катталган болушу керек) мамлекеттик каттоосуз алып келүүгө.
- дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды алып келүүгө, тѳмѳнкүлөр жок болгон учурда:
мамлекеттик жана расмий тилдерде таңгагынын маркалоосу – мамлекеттик жана/же расмий тилдерде стикерди колдонуу менен;
мамлекеттик жана расмий тилдердеги медициналык колдонуу боюнча нускамасы − мамлекеттик же расмий тилге котормосун камсыз кылуу менен;
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, Улуттук тизмеге жана/же Тизмеге киргизилген, маркаланышы боюнча жана/же медициналык колдонуу боюнча нускамада катталгандардан айырмасы бар дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды алып келүүгө.

Мындан тышкары ушул токтомго ылайык, медициналык беткаптарды лицензиясы жок жана мамлекеттик каттоосу жок чыгарууга жана сатууга убактылуу уруксат берилди.


Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх