Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аида Касымалиева коронавируска каршы күрөшкө келип түшкөн каражатты бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамына

Вице-спикер комиссияга андан башка дагы кимдер киргенин айтып берди

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева өкмөттүн буйругу менен коронавируска каршы күрөшкө келип түшкөн акча жана гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамына кирди. Бул тууралуу парламент мүчөсү Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жазган:

«Өкмөттүн буйругу менен коронавируска каршы күрөшкө келип түшкөн акча жана гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча Комиссияга мүчө болдум.

Күн сайын так маалымат берип турам.

Биринчи отурум кечээ 30-мартта болду. Бүгүн саат 16.00 экинчи отурум.

Курамы:

Комиссиянын төрагасы - Кылжыев Самат, Өкмөттүн аппарат жетекчиси

Комиссиянын төрагасынын орун басары - Аскаров Замирбек, Өзгөчө кырдаалдар министри

Комиссиянын төрагасынын орун басары - Кочкоров Улукбек Улукбек Кочкоров , Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Касымалиева Аида - ЖК, вице-спикер

Нышанов Сайдулла - ЖК, депутат

Бактыбек Турусбеков - ЖК, депутат

Маматканов Улан - Өкмөт, бөлүм башчы

Абдыбалы тегин Суеркул - Каржы министринин орун басары

Исаев Амангелди - Айыл чарба министринин орун басары

Усубалиев Максат - Президенттин аппараты, бөлүм башчынын орун басары

Атакулов Мирлан Саламаттыкты сактоо министрлиги

Назгуль Турдубекова - "Балдардын укуктарын коргоо лигасы"

Суйуналиева Бурулсун -"Социалдык кызматтарды өнүктүрүү фонду".

Эң башкысы ачыктык, мониторинг жана адилеттүүлүк! Бүгүн жыйындан кийин да маалымат жазып коем», - деп жазган ал.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз

Комментарии  

# Mambetova 31.03.2020 16:47
Комиссия тузупсунор, жакшы, эми өлкөдөгү абалды тыканыраак талдап туруп,
анан чечкиле! Бишкекти дагы колдош керек, анткени ал өлкөнүн борбору, келип-кеткендер көп!
Ответить | Ответить с цитатой | Цитировать
Ой-пикир кошуңуз


Наверх