Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Жумабеков ЖКнын аппарат башчылыгына ката менен жазган өзүнүн мурдагы кеңешчисин дайындады

Алмазбек Сабырбеков өткөн жылы спикердин атынан жазылган катка байланышкан чырдан кийин кызматынан алынган

Спикер Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин аппарат жетекчилигине Алмазбек Сабырбековду дайындады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Бул кызматты буга чейин ээлеп клеген Саматбек Ибраев 2020-жылдын 20-мартында өз калоосу менен иштен кеткени белгиленди.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Алмазбек Сабырбеков төраганын кеңешчиси кызматын аркалап келгенин, бирок, 2019-жылдын март айында спикердин атынан толгон токой каталары менен кат жибергени үчүн кызматынан алынган. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы анда иш кагаздарын жүргүзүү менен төраганын документ алып-беришине дал Сабырбеков жооп бергенин такташкан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх