Menu
RSS
Реклама Vesti

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКнын профилдик комитети Аида Исмаилованын талапкерлигин вице-премьер-министрликке жактырды

  • жолу 386 кароо

Саламаттыкты сактоо министрине алар Сабиржан Абдикаримовду да ылайык көрүштү

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча парламенттик комитет Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилованын талапкерлигин вице-премьер-министр кызматына жактырды.

Мындан сырткары, депутаттар саламаттыкты сактоо министрлигинин башчылыгына Сабиржан Абдикаримовду дагы жактырышты. Буга чейин ал Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык карантиндик жана жугуштуу оорулар борборунун жетекчиси болчу.

Эске салсак, бүгүн президент вице-премьер-министрликтен Алтынай Өмүрбекованы жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кызматтарынан алды.

Гулиза Чудубаева
Фото www

Ой-пикир кошуңуз


Наверх