Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мухаммедкалый Абылгазиев Аида Исмаилова менен Сабиржан Абдикаримовдун талапкерликтерин сунуштады

«Алар биздин ишеничтерибизди акташат деп ойлойм»

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында Аида Исмаилованын талапкерлигин вице-премьерликке, ал эми Сабиржан Абдикаримовду Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчылыгына сунуштады.

- Бүгүн президенттин чечими менен Алтынай Өмүрбекова менен Космосбек Чолпонбаев берген арызданынын негиздеринде ээлеген кызматтарынан бошотулушкан.

Буга байланыштуу Аида Исмаилованы вице-премьер-министр кызматына сунуштайм. Аида Исмаилова Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты, «Баласагын» жеке мектебинде окутуучу болуп эмгектенген, менеджер кызматын да аркалаган. 2006-жылдан 2010-жылга чейин PARK8 OPC корей компаниясынын Кыргызстандагы аймактык өкүлү болуп иштеген. 2015-жылдан бери Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын «Республика - Ата Журт» партиясынан депутаты болуп
эсептелет. Ал өзүн коомдук иштерде абдан жигердүү көрсөтө алды. Аида Жекшенбаева биздин ишеничибизди актайт деп ишенем.

Мындан сырткары, Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчылыгына сунуштайм. Ал Саламаттыкты сактоо министрлигинде 1989-жылдан бери эмгектенет. Иш тажрыйбасы 40 жылдан ашат. 2020-жылы ал саламаттыкты сактоо министри болгон, кийин 4 жыл министрдин орун басары болуп эмгектенген. 2016-жылдан тарта Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башчысы.

Эске салсак, бүгүн Сооронбай Жээнбеков Алтынай Өмүрбекованы вице-премьерлик-кызматтан жана Космосбек Чолпонбаевди саламаттыкты сактоо министрлигинин башчылыган бошотту.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх