Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков «аракеттерди бириктирүүгө» чакырган БУУнун башчысын колдоду

Уюм коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн 2 млрд АКШ доллары суммасына гуманитардык иш-аракеттерин баштоо боюнча глобалдык план түзүүнү баштады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерришке кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады.
Өлкө башчысы БУУнун Башкы катчысынын мүчө мамлекеттерге карата күчтөрдү бириктирүү жана коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн 2 млрд АКШ доллары суммасына гуманитардык иш-аракеттерин баштоо боюнча глобалдык план түзүү демилгесин колдоду.
Президент коронавирус инфекциясынын пайда болушу жана тез жайылышына байланыштуу дүйнөдөгү болуп жаткан оңой эмес кырдаалга көңүл бурду.

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын эпидемияга каршы багытталган чаралары жөнүндө айтып берип, коронавируска каршы күрөшүүдө дуушар болуп жаткан кыйынчылыктарды белгиледи.

Президент ошондой эле дүйнө өлкөлөрү «COVID-19дун» адамзаттын алдына койгон чакырыктарын жеңип чыгаарына ишенимин билдирди.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх