Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Отставкага кеткен Алтынай Өмүрбекова кечирим сурады

Экс-вице-премьер кыргызстандыктардын жылуу сөздөрү менен колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди

Экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Фейсбук социалдык тармагындагы жеке баракчасында колдоо көрсөткөн бардык ыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирген билдирүүсүн жазды.

«Чын дилимден ар бириңердин жылуу сөзүңөргө, колдооңорго терең ыраазычылык билдирем!!! Мен үчүн менин эмгегимдин эң жогорку баасы - ар бир Кыргызстандын жаранынын пикири, колдоосу! Коомдук кызыкчылык, ар бир кыргызстандыктын бак-дөөлөтү, коопсуздугу - мен үчүн эң башкы баалуулук, максат.
Жашоомдо, элдик кызматта жүргөн убагымда да жолуккан ар бир инсанга таазим, терең ыраазычылык билдирем! Азыркы биздин мекенибиздин, бүткүл дүйнө жүзүнүн да башына түшкөн оор кырдаал - коронавирус, баштаган максаттарыма, пландарыма да өзгөртүүлөрдү киргизди. Ушундай кырдаалда өз эмгеги менен, болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып биздин Эл элибизге, ар бир муктаж адамга өзүнүн жардамын көрсөткөн ар бириңерге таазим! Силер бар, биздин мекенибиз, элибиз бар!
Өз ишимде катачылык кетирсем, ойлогон максаттарды толук кандуу ишке ашырып албай калсам, же бирөөнү таарынтсам, убагында жооп бербесем кечирим сурайм!
Ийгиликтер алдыда! Бар болуңуздар, аман болунуздар!» - деп жазган ал.

Эске салсак, кечээ президенттин чечими менен экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ээлеген кызматынан бошотулган.

Кыргызстандыктар социалдык тармактарда мурдагы аткаминер айымдын ишин татыктуу алып барганын белгилеп, #рахматАлтынай жана #эңмыктывице хештегдери менен ага ыраазычылыктарын билдирип, аны колдогон акция башташкан.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх