Ош облусунда гуманитардык жардам катары берилген унду сатып жатышабы?
ЖК депутаты Наталья Никитенко кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетке түшүп жаткан арыздарды айтып берди
Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине күн сайын 25тен ашык кайрылуу келип түшүүдө. Аларда жарандар өзгөчө абал маалында маморгандар тарабынан орун алган мыйзам бузуулар туурасында билдирип жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына комитеттин төрагасы Наталья Никитенко бөлүштү.
Арыздар үчүн атайын электрондук дарек болгону эки күн мурда ачылган.
- Күнүнө биз 25тен ашык кат алып жатабыз, көбүнчө пропускалык система боюнча арызданып жатышат, - деп белгиледи эл өкүлү. - Азык-түлүктөрдү ташыгандар өткөрмө кагаз алуу үчүн кезекте көпкө турушуп же такыр эле ала албай, дүкөндөргө товар жеткире албай жатышканын билдирип жатышат. Ошондой эле кардарларынын иштерин бүтүрө албай жаткан адвокаттардан да кайрылуулар келип түштү, алар дагы дагы уруксат кагаздар менен көйгөйлөргө тушуккан.
Никитенко бардык каттар каралып, ыкчам түрдө тийиштүү органдарга жөнөтүлүп жатканын тактады.
-Бишкектеги Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунун кызматкерлерине пропуск берүү маселесин тез арада чечүү зарыл, анткени, алар абактарда текшерүү жүргүзүшөт, - деп кошумчалады ал. Укук тартиби боюнча милиция кызматкери жаранды сабагандыгы айтылып, интернетке жарыяланган видео боюнча кайрылуу түшкөн. Ишти тартип коргоо органдары текшерүүгө алды.
Мындан сырткары, комитетке Ош облусунда гуманитардык жардам катары түшкөн ун сатылып жатканы жөнүндө арыз келди.
- Ошондой эле жарандар кеп-кеңештери менен бөлүшүп жатышат, - деди Никитенко. - Мисалга, пандемияга байланыштуу эмгек акылары сакталбаган өргүүгө чыгарылган медициналык кызматкерлер тууралуу айтышты. Биз баары бир алардын эмгек акысынын сакталышын талап кылышыбыз керек.
Эске салсак Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.электрондук дареги жаранардын кайрылууларын ыңгайлуу жана ыкчам түрдө алуу максатында түзүлгөн.
Зулайка Эркимбаева
Фото www
Комментарии
Кайра-кайра эле кайталай бериштин кажети жокко дейм!