Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ташиев - Абылгазиевге: Эгерде кыйын кырдаалда элге жардам бере албасаңыз, анда отставкага кетиңиз

Саясатчынын пикиринде учурдагы премьер өзүнүн кайдыгерлиги жана тоготпостугу менен кыргыз элин кор кылып, көптөгөн жарандар канчадан бери мекенине кайта албай жатышат

ЖКнын мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев мекенине кайтып келүүгө үлгүрбөй, чет өлкөлөрдө калып калган кыргызстандыктар үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди катуу сынга алды.

Мындай көйгөйдү чечүү колунан келбесе, өкмөт башчы отставкага кетиш керек экенин ал белгилеген.

«Урматтуу Премьер-министр!

Кайдыгерлик,тоготпостук,ж жөндөмсүдүк сапаттарыңыз менен Кыргыз элибизди кор кылдыңыз!

Эмне үчүн башка чет өлкөлөрдө калып, кайтып келүүгө үлгүрбөй калган биздин мекендештерибизди кайтарып алып келүүгө аракет жасабай олтурасыз?
Бул чет өлкөлөрдөгү биздин атуулдарыбыз мигрант болуп бала-чакасын,ата-энесин, мамлекетин багып жүрүшөт эмеспи, алардын убагында тапкан акчалары керек да өздөрү керек эмеспи?

Мамлекет ар бир жараны үчүн күрөшүүгө аракет жасаш керек, ал эми сиз өлкөнүн премьер-министри катары милдеттүү туүрдө ал адамдар үчүн бардык мамлекеттик рычагдарды колдонушуңуз керек.

Эгерде ошол чет жерде, аэропорттордо ,чек аралык жолдордо кароосуз калып кеткен мекендештерибизди алып келе албасаңыз,анда сизден толук ишенич кетет.
Ал мекендештерибиз акча сураган жок, колдорунда самолетко билеттери бар,чек араларда машиналары менен турушат,керектүү башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары менен суүйлөшүп тез аранын ичинде чечиңиз!

Ушундай кыйчалыш учурда элдин керегине жарабасаныз, анда отставкага кетиңиз,команданызды кошо ала кетиңиз, эл үчүн жанын берип иштей ала турган атуулдарыбыз четтен табылат!

Элдин да, өзүңүздүн да убактыңызды текке кетирбениз, чечиңиз маселени!!», - деген Ташиев.

Манас Кольбаев
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх