Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: Кубатбек Боронов боюнча иликтөө жүргүзүү зарыл

Депутат кыргызстандыктардын алдында кечирим суроону талап кылып жаткан УКМКнын кызматкерлерине Башкы прокуратура укуктук баа берсин деп талап кылууда

Өкмөт биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүүгө тийиш. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында Боронов «тойго барып бир нече адамга коронавирус жуктурган» деп медициналык кызматкер тууралуу айтуудан мурда бул маалыматты текшериши керек болчу.

- Расмий маалымат менен чыгаардан мурда аны текшериш керек,- деп баса белгиледи Бекешев.

«Медициналык кызматкерлерди кысымга алуу боюнча» мыйзам долбоорунда парламент мүчөсү Башкы прокуратурадан коомчулуктун алдында кечирим суроого мажбур кылган УКМКнын кызматкерлерине укуктук баа беришин талап кылды.

Мындан сырткары, документте COVID-19 жуктурган бардык медициналык кызматкерлер акчалай кенемте алууга тийиштиги көрсөтүлгөн.

Эске салсак, буга чейин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ошто иштеген дарыгер тойго барып, кесиптештерине коронавирустук инфекция жугузганын билдирген. Кийин сөз болгон дарыгер жанан анын кесиптештери бул маалыматты төгүнгө чыгарышкан.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх