Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары: Дарыгерлерди мажбурлап кечирим суратуу туура эмес

Нурболот Үсөнбаев тартип коргоо органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзү керек деп белгиледи

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифингдин жүрүшүндө начар коргонуучу каражаттар жөнүндө айтып бересиң деп дарыгерлерди мажбурлап кечирим суратуу туура эмес экенин билдирди.

- Биз координаторлор менен иш алып баруудабыз, - деди ал - Медициналык кызматкерлерге мындай жеке сактануу каражаттарын бербеш керектигин түшүндүрүп жатабыз. Дарыгерлер маалымат айтып, андан кийин телеберүү жана соцтармактар аркылуу аларды мажбурлап кечирип суратуу туура эмес. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

Үсөнбаев Жалал-Абад облусунда коронавирус жуктурган дарыгерлерге жардам берүүгө Бишкектен бригада барганы боюнча маалымат берди.

- Ала-Букада беш дарыгер коронавирус жуктуруп алгандан кийин көптөгөндөр коркуп баштады, - деп сөзүн улантты ал. Министрлик үч адамдан турган жумушчу топту жөнөттү, алар кызматкерлер илдетке кандайча чалдыкканын жана мындайга жол бербөө үчүн эмне кылуу керектигин иликтеп чыгыша.

Муну менен бирге ал дарыгерлерге компенсация төлөп берүү үчүн нормативдик-укуктук актылар боюнча иш жүрүп жатканын билдирди.

Эске салсак, бир нече күн мурда Твиттер соцтармагында медициналык кызматкер аларга берилген бет каптардын начар сапатын айтып кайрылган. Ал мындай тешиктери бар дакиден коронавирус эмес чиркей да өтүп кетерин айткан. Кийин ал жетекчилиги тарабынан кысым болуп жатканын белгилеп, аккаунтун өчүрүп салган. Кечээ интернетте дарыгер буга чейин айткан сөздөрү үчүн кечирим сурап жаткан видеосу тараган.

ЖК депутаты Дастан Бекешев медициналык кызматкерге болушуп, Башкы прокуратурага кайрылган.

Соцтармактардын колдонуучулары дарыгерди колдоп, #Бектур акциясын башташкан.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх