Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубатбек Боронов: Дарыгерлерден кечирим суроого даярмын

Биринчи вице-премьер өкмөт менен президент медиктерди колдоп, жардам көрсөтөрүн ишенимдүү айтты

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде дарыгерлерден кечирим суроого даяр экенин билдирди.

Боронов 8-апрелде брифингдин жүрүшүндө медиктердин ооруга чалдыкканы тууралуу аларды мындай учурлардан сактоо максатында айтанын белгиледи.

- Мен брифингдердин биринде медиктердин илдетке чалдыкканы боюнча айткан сөзүм ЖМКлардын жана саясатчылардын көңүлүн бурган маселе болду, - деди ал. - Мен анда кимдир бирөөнүн аты-жөнүн атаган эмесмин, бирок, кээ бир медициналык кызматкерлер муну өздөрүнө алып алышыптыр. Мен жалпы медицина кызматкерлеринен расмий түрдө кечирим сурайм. Эгерде ошол маалымат аброюңуздарга шек келтирүү катары кабыл алынса, туура түшүнөсүздөр деп ишенем. Өкмөт менен президенттин максаты - оорунун очогунда иштеп жаткан дарыгерлер эле эмес, башка кызматкерлердин дагы жуктуруп алышына жол бербөө болуп саналат.

Вице-премьер дарыгерлердин коронавирустук инфекцияны жуктуруп алып жатканы -бүгүнкү күндөгү эң башкы көйгөйлөрдүн бири экенин белгиледи.

- Атайын комиссия дарыгерлер кантип жугузуп алганы боюнча маселени иликтеп жатат, - деди ал.

Боронов, ошондой эле эмнеге Мамлекеттик штаб президентке өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдерин узартуу сунушун президентке киргизгенин да түшүндүрдү.

- Өзүңүздөр билгендей, бүгүнкү күндө ооруган жарандардын саны көбөйүп жатат, - деп белгиледи ал.-Байланышта болгон бардык адамдарды аныктоо үчүн убакыт керек.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх