Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Боронов: Кыргызстанда өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттары жетишсиз. Дагы 99 адамда COVID-19 шектелүүдө

Биринчи вице-премьер жүздөгөн өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар жараксыз болуп чыкканын айтты

Бүгүнкү күнгө карата ооруканаларда коронавирустук инфекцияга шектелип жаткан 99 адам бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште комиттердин жыйыны учурунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

- 1-апрелге карата өлкөдө 111 адамдан коронавирус аныкталган болчу, 14 күндүн ичинде эле алардын саны 430га жетти, - деп белгиледи Боронов. - Учурда обсервацияларда 938 адам бар, 99 бейтапта коронавирус шектелүүдө.

Мындан сырткары, биринчи вице-премьер COVID-19 менен күрөшүүгө тартылган кызматтар тарабынан бөлүнгөн коргонуучу каражаттардын саны туурасында да парламент мүчөлөрүнө маалымат берип өттү.

Боронов муну менен бирге Кыргызстанда өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар жетишсиз экенин жашырган жок.

- Жасалма дем алдыруучу аппараттар чындыгында эле жетишсиз экени белгилүү болду, - деди ал. - 649 даана жабдуунун ичинен 134ү жараксыз, ал эми дагы 77син оңдоп-түзөө керек. Учурда мындай аппараттарды сатып алуу боюнча иштер жүрүп жатат, демөөрчүлөрдөн да түшүүдө.

Боронов өлкөдө COVID-19 жуктургандар үчүн ооруканаларда 2000ден ашык орун даярдалганын билдирди.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх