Жогорку Кеңеште чачтарачтар менен автоунаа оңдоочу жайларга иштөөгө уруксат берүү сунушталды
«Казакстан же Өзбекстанга окшоп бизнеске акча бере албайбыз. Жок дегенде эркиндик бербейлиби?»
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев чачтарач, автоунаа оңдоочу жай жана курулуш дүкөндөрүнө иштөөгө уруксат берүүнү сунуштады. Парламент мүчөсү Кыргызстан бизнеске эркиндик берип гана жардам бере аларын белгиледи.
- Вирус менен күрөштө биз экономиканы өлтүрүп албашыбыз керек, - деди Иманалиев. - Эксперттер биз күн сайын 20 млн доллардай жоготуп жатканыбызды айтышууда. Беларусь карантин киргизген жок, бирок, ооругандардын саны бизге караганда аз. Демек, алар санитардык нормалар менен режимди сакташат. Бүгүн дарыканалар менен азык-түлүк дүкөндөрү иштеп жатат жана бул туура. Кыргызстанды чакан бизнес көтөрөрүн билесиздер. Чачтарачтарга иштегенге мүмкүндүк бергиле - аларда эл көп чогулбайт. Автоунаа оңдоочу жайларга уруксат бергиле. Элдер үйлөрүндө жатат. Автоунааларын оңдошсун андан көрө. Курулуш дүкөндөрү иштесин. Комендатуранын өкүлү бул жайлардан ооругандар жокпу деп текшере алат. Казакстан же Өзбекстанга окшоп бизнеске акча бере албайбыз. Жок дегенде эркиндик бербейлиби?
Сөзүнүн жыйынтыгында эл өкүлү өкмөт чечкиндүү чараларды кабыл албаса, вирустан кийин өлкө жакынкы 50 жылда да кризистен чыкпай турганын кошумчалады.
Иманалиев ошондой эле аскердик прокуратура мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди жоопкерчиликке тартууга тийиш деп эсептейт.
- Бизде азыр өзгөчө абал, аскердик режим десе да болот, - деди эл өкүлү. - Мындай кезде шалаакылык - бул кылмыш. Анда аскердик прокуратура Чолпонбаевди жоопкерчиликке тартышы керек, анткени, ушуга чейин реагент, жеке коргонуучу каражаттары болгон эмес. Ошол үчүн абал Италиядагыдай болуп кетти. Ооругандардын ар бир бешинчиси - дарыгер.
Зулайка Эркимбаева
Фото www