Кубатбек Боронов: Өзгөчө абал режимин 10-15 күнгө узартуу керек
Биринчи вице-премьер президентке жөнөтүлгөн сунушта мөөнөттөр көрсөтүлбөгөнүн айтты
Өзгөчө абал режимин 10-15 күнгө узартуу керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ЖКнын комитеттеринин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
- Кечээ биз өлкөнүн президентине өзгөчө абал режимин узартуу боюнча сунуш киргиздик, - деп эске салды ал. Оорулуулардын саны азайбай жатканына өзүңүздөр деле күбөсүздөр. 10-15 күнгө узартуу керек, бирок, сунушта мөөнөттөр көрсөтүлгөн жок.
Эске салсак, өзгөчө абал режими өлкөнүн кээ бир шаарлары менен аймактарында 2020-жылдын 15-апрелине чейин киргизилген.
Зулайка Эркимбаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз