Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаты: Интернетте эл менен бийликке акарат кылгандарга эскертүү бериш керек

«Биз башкаларга өзүбүздү начар тараптан көрсөтүп, уят болбойлук»

ЖК депутаты Закир Шарапов парламенттин жыйынында кыргыз эли менен бийлигине акарат айткандардын видеосун интернетке жарыялагандарга эскертүү берүү керектигин айтып чыкты.

- Бүгүнкү күндө Мамлекеттик штаб менен дарыгерлер колдорунан келгенин кылып жатышат, - деди эл өкүлү. - Өткөндө Бишкектен бир жигит биздин эл менен бийликке акарат кылганын көрдүк, андан кийин Оштон бир аял, кечээ Баткенден чыкты. Биз башкаларга өзүбүздү жаман жактан көрсөтүп, уят болбошубуз креек. Мындай видеолорду интернетке жарыялагандарга эскертүү берүү зарыл. Чара көрүүңүздөрдү суранам. Маданиятсыздыгыбызды көрсөтпөйлүк.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх