Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Жеенчороев: Кечирим сураган адамдардын видеолорун жарыялап жаткан тергөө органдары ыйгарым укуктарынан аша чаап жатышат

Эл өкүлүнүн пикиринде прокуратура мындай видеотасмалардын артында турган кызматкерлерди жоопкерчиликке тартууга тийиш

ЖК депутаты Мирлан Жеенчороев парламентте тигил же бул маалыматты айткан жарандардын кечирим сурап жатышкан видеолорун интернетке жарыялаган тартип коргоо органдарынын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу керектигин айтып чыкты.

Парламент мүчөсү прокуратура өкүлүнөн жарандардын эл алдында кечирим суроосу аларды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп же абактагы мөөнөтүнүн кыскартылышына алып келеби деп сурады. Эл өкүлү сөз «Улут аралык кастыкты козутуу» беренеси жөнүндө сөз болуп жатканын белгилей өттү.

Буга прокуратура өкүлү мыйзамда мындай норма жок экенин айтты.

-Жарандарды коомчулукка чыгарып жаткан тергөө жана ыкчам органдарынын аракеттери мыйзамга канчалык шайкеш келет? - деп сөзүн улантты Жеенчороев. - Бул ыйгарым укуктарынан аша чабуу эмеспи?

Прокуратура өкүлү эл өкүлүнө бул маселени иликтеп чыгуу керектигин айтты.

Эгерде силер жооп бере албасаңар, мен айтайын - бул мыйзамсыз, - деди депутат. - Мындан сырткары, өз деңгээлинде туура эмес сөздөрдү сүйлөгөн жарандарды тартипке салуу керек. Дарыгер болобу же башкабы, видеого тартып, кечирим суратканды токтотуу керек. Прокуратура мындай видеолордун артында турган тартип коргоо органынын кызматкери жоопкерчиликке тартыларын билдирүүгө тийиш.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх