Камчыбек Ташиев Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады
Мурдагы парламент мүчөсү президенттен сыртта калган кыргызстандыктарды мекенине алып келүүгө жардам кылууну суранды
ЖКнын экс-депутаты Камчыбек Ташиев Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасап, анда президенттен сыртта калган кыргызстандыктарды мекенине алып келүүгө жардам кылууну суранды. Учурда алар чек аралардын жабык болгондугуна байланыштуу үйлөрүнө келе албай жатышат.
«Урматтуу Президент!
Мен өткөн аптада премьер-министрге кайрылып ,коронавирус оорусу бут ддүйнөгө жайылган мезгилде өлкөбүзгө кайтууга үлгүрө албай калган мекендештерибизге жардам берип кайтарып келүү үчүн аракетин кңрүүнү сурандым эле,себеби өтө көптөгөн биздин атуулдарыбыз суранышкан,бирок ал кишиден жардам болбоду.
Ошондуктан эми Сизден суранууга мажбур болуп турамын.Бул биздин атуулдарыбызга жардам берүүгө бүт мамлекеттин күч аракеттерин, дипломатиялык, жеке сиздин президенттик аброюңузду ортого салып болсо да ңзүңүз кам көрүшүңүзду суранам.
Бул биздин атуулдарыбыз негизинен үч соң шаарларда Москвада,Новосибирскиде,Стамбулда жана Россия менен Казакстандын ортосундагы автомобиль трассасында күтүп жатышат,1000 ге жакын адам.
Бул биздин атуулдарыбыз өлкөсүнө акча жонотушуп эмгектенгенде гана же болбосо шайлоо болгондо гана керек болбостон мамлекеттин жараны катары,сиздин биздин баарыбыздын бир тууган катары каралышы керек!
Урматтуу президент,бир тууган жарандарыбыз талаада калып кетти,жардам кылыңыз,сизден үмүт кылышат жана күтүшөт!», - деп жазган мурдагы эл өкүлү.
Фото www