Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаты: «Халык банк» насыя алгандарды кредиттик каникулдун айларынын пайыздарын төлөөгө мажбурлап жатат

Биринчи вице-премьер өкмөт бул маселени карап чыгарын билдирди

«Халык банк» насыя алгандарды кредиттик каникулдун үч айынын пайыздарын дагы төлөтүүгө мажбурлап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эки комитетинин жыйынында депутат Искендер Матраимов билдирди.

Анын айтымында ал аталган банктын жетекчилигине бул маселе менен кайрылган, алар өз кезегинде насыя берүүчү катары чыккан жактарга каражат төлөшү керектигин айтып жооп беришкен.

- 3 айга каникул беришкенин айтып коюшуп, кийин насыя алгандарга бул үч ай үчүн тең пайыздарды кошуп салышат экен, - деп ачууланды Матраимов. - Мен алардан «Эгерде мөөнөт 2022-жылдын 1-мартына туш келсе, апрель, май июнга жылдырса болобу? деп сурадым. Салыштырмалуу айтайын: эгерде 100 миң төлөшсө, 4-айдан баштап 110 миң сомдон төлөйсүңөр деп банк айтып жатат.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өз кезегинде өкмөт бул маселени карап чыгарын белгиледи.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх