Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Маматалиев: Менин кошунам үй карантининдемин деп коюп велосипед тээп жүрдү

Парламент мүчөсү апасы обсервацияга жаткырылганына карабай базар, дүкөндөрдү кыдырганга жетишкен таанышы жөнүндө айтты

Үй карантинине адамдарды алуудан майнап чыкпайт. Мындай пикирин бүгүн парламенттин жыйынында ЖКнын депутаты Марлен Маматалиев айтып чыкты.

Депутат жеке өзү режимди бузган адамдарды билерин айткант.

- Менин таанышымдын апасы обсервацияга жаткырылган, бирок, кызы үй карантинин бузуп бейкапар дүкөн, базарларды кыдырып жүрдү, - деди эл өкүлү. - Аны дагы изоляцияга жаткырышканына мына үч күн болду. Балким, коронавируска шек болгондордун бардыгын обсервацияга алуу керектир? Менин кошунам да үй карантининдемин деп элдин баарына айтып коюп, велосипед тээп, иши боюнча элдер менен байланышып жүрдү.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттө бул маселе караларын айтты.

- Мен сиз менен макулмун, бул абдан оор иш, элдер укпаган учурлар көп, - деп жооп берген аткаминер. - Биз уюлдук тиркеме аркылуу көзөмөлдөө баштадык, бирок, бул дагы толук жардам берген жок.

Маматалиев мындан сырткары вице-премьер болуп дайындалган мурдагы кесиптеши Аида Исмаиловага кайрылып, тезирээк ишине киришүүгө чакырды.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх