Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: Дарыгер кызы менен коронавирус жуктуруп алган

Парламент мүчөсү эмнеге бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн анализдери ар кайсы күнү чыкканын сурады

Дарыгер кызы менен коронавирус жуктуруп алган, бирок, алардын анализдери ар кайсы күнү чыккан. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

- Жугушттуу оорулар ооруканаларында коронавируска чалдыккан көптөгөн дарыгерлер жатышат, - деди ал. - Мен бир медиктин кызы менен баарлашкам. Анын айтымында 1-апрелде аларда оорунун белгилери байкалып, ошол эле күнү анализ тапшырышкан. Анда анализ вирусту көрсөткөн эмес. Бирок, 9-апрелде кайра анализ тапшырышып, коронавирус аныкталган. Кыздын анализи 11-апрелде, апасыныкы болсо кечирээк чыккан. Алар дарыгерлерди күнөөлөп жатышканын айтышты. Жеке коргонуучу каражаттар аларга 31-марттан баштап гана бериле баштаган. Кичи ажылыктан келген адамдарга ага чейин медиктер костюм, бет каптарсыз барышып, жаш балдар менен байланышта болушкан. Эмнеге анализдер мынча кеч чыгып жатат?

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов биринчи алынган анализдер вирусту көрсөтпөй коюшу мүмкүн экенин эл өкүлүнө айтып жооп берди.

- Вирус организмге киргенден кийин көбөйө баштайт, - деди министр. - 7-8 күндөн соң организмде вирус абдан чоң санда топтолуп, анализ так көрсөтө баштайт. Бизде реагенттердин жоктугунан 8 миң проба тоңдурулуп турган. Биз үч күндүн ичинде алардын бардыгын тактадык. Азыр анализдер дароо, бир күндүн ичинде чыгып жатат. Бизге штрих-коддор жөнөтүлөт, бирок, анда аты-жөндөр көрсөтүлбөйт. Балким, ушуга байланыштуу кимдир-бирөөлөрдүн анализдери эртээрек чыккандыр.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх