Канатбек Исаев: «Кыргызстан» фракциясы апрель жана май айларынын эмгек маяналарынан баш тартат
Парламент мүчөсү кесиптештерин да аларга кошулууга чакырды
ЖК депутаты Канатбек Исаев парламенттин жыйынында кыргыз элинин сабырдуулугу үчүн ыраазычылык билдирди. «Кыргызстан» партиясынын лидери ал жана анын партиялаштары апрель жана май айларынын эмгек маяналарынан баш тартышарын билдирди.
- Биз өзгөчө абал режимин узартууга аргасыз болдук. Биздин эл сабырдуулук жана түшүнүктүүлүк менен кабыл аларына ишенем. Учурда өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо жашаган жарандарыбызга өзгөчө кыйын болууда. Элибиз ыңгайсыз абалда турмуш-тиричилигин өткөрүүгө мажбур, соода кылгандардын иши токтоду, такси айдоочулар күнүмдүк акчалары жок калды, көптөгөн жарандар жумушсуз отуруп калды. Биз, Жогорку Кеңештин депутаттары дагы четте калбашыбыз керек. Ооба, учурда көптөгөндөр жер-жерлерде колдорунан келген жардамдарды көрсөтүп жатышат. «Кыргызстан» партиясы апрель жана май айларынын айлыктарынан баш тартууну чечти. Үнөмдөлгөн каражатты медиктерге, ИИМнын кызматкерлерине премия катары колдонсоңор болот.
Исаев башка партиялардагы кесиптештерин дагы аларга кошулууга чакырды.
Медина Купсулдаева
Фото www