Парламентте Дастан Жумабеков кайра адашканын моюнга алышты (видео)
Үстүбүздөгү жылдын мартында ЖК төрагасы кесиптештерин апрелдин 27синен 15не чейин түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырган
Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу спикер Дастан Жумабеков кайра сөзүнөн адашып алганын моюнга алды. Бул тууралуу ал Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында жазган
Анын айтымында үстүбүздөгү жылдын 24-мартында Жумабеков депутаттарды 27-апрелден 15-апрелге чейин электоратка өзгөчө абал туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырган.
- Март деп айтам деп апрель деп алган, бул чындык, - деп жазган парламенттин басма сөз катчысы. - Ал калк менен 27-марттан 15-апрелге чейин сүйлөшүү жүргүзүү керектигин айтайын деген.
Гулиза Чудубаева
Фото www