Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Убактылуу санитардык-карантиндик жайдын курулушуна дээрлик 75 млн сом кетирүү - акчаны асманга сапыруу эмеспи?

ӨКМ учурдагы шартта мындай чыгымдар жүйөлүү деп эсептейт

ӨКМ «Манас» аэропортундагы Транзиттик борбордун имараттарын убактылуу санитардык-карантиндик жайга ыңгайлаштырып курууга дээрлик 75 млн сом котормокчу. Жарыя мамлекеттик сатып алуулар сайтында пайда болду.

Тагыраагы коронавируска шектелип жаткандарды жаткырууга арналган убактылуу жайга 74 млн 825 миң 856 сом сарпталмакчы.

Бирок, мынча суммадагы акчаны бул максатта коротуу канчалык негиздүү?

Бир нече күн мурда Мамлекеттик ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавируска каршы күрөшкө кошумча бөлүнгөн 340 млн сомдун 173 млндон ашыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине которулганын маалымдаган

74 млн сом - ушул сумманын дээрлик жарымы. Бул акчага көптөгөн тармактар, ошол эле коронавируска каршы күрөштүн алкагында муктаж экени белгилүү.

ПЦР-тесттердин, дары-дармектердин жана дарыгерлерге жеке коргонуу каражаттарынын жетишсиздигин уга берип, кулагыбызга сиңип деле калгандай болду. Опол-тоодой акчаны анан кайсы максатта короткону жатышат? Албетте, ооруга шектелип жаткандарды жаткыруу улам жаңы аянттарды талап кылары талашсыз. Бирок, аскер пенсионери жана активист, оставкадагы полковник Анвар Сартаев буга чейин бир катар жолу бул максатта Беш-Күңгөй айылында жана өлкөнүн түштүгүндө колдонулбай турган аскердик госпиталдарды колдонсо болорун сунуштаганын эске сала кетсек. Анда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы буга зарылдык жок деп коюшкан. Демек, зарылдык болбой эле бар экен да?

ӨКМ дүйнөлүк пандемия шартында мындай чыгымдарга баруу толук жүйөлүү деп эсептейт. Мекеменин сатып алуулар бөлүмүнүн жетекчиси Азат Абдрахманов оңдоп-түзөлгөн имараттар коронавирусту жеңгенден кийин дагы бош калбасын Vesti.kg сайтына түшүндүрдү.

- Албетте, акча жөнү жок которулбайт, - деди ал. Бүгүнкү күндөгү маселелерди чечүү үчүн бул маанилүү. Имараттар андан кийин деле башка максаттарда колдонулат да.

Түз келишим түзүү ыкмасы менен «ГлавСтрой» ЖЧКсы тандалып алынып, ал эки жуманын ичинде милдеттерин аткарып бермекчи болгон. Келишим сайттагы маалыматтарга караганда кечээ түзүлгөн.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх