Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кийинки чартердик каттам Новосибирскиден келери күтүлүүдө

Бирок, өкмөт көптөгөн кыргызстандыктарды кызыктырган бир катар маанилүү суроолорго жооп бере алган жок

Кыргызстанга кийинки чартердик авиакаттам Новосибирскиден келет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өкмөттүн аппаратынан маалымдашты.

Аталган шаардан 200гө жакын кыргызстандыкты өлкөгө алып келүү пландалууда.

Бирок, кабминде жарандарды кызыктырган бир катар суроолорун жоопсуз калтырышты. Мисалга, кабминдин басма сөз кызматы кийинки авиакаттам качан келерин, дагы кайсы шаарлардан учактар келерин, жүргүнчүлөрдүн тизмеси кандай негизде түзүлүп жатканын, жарандар тизмеге кантип кире аларын такташкан жок.

Өкмөт бул маселелер каралып жатканын ишенимдүү айтып, бирок, адаттагыдай эле так бир жооп берген жок.

Эске салсак, бүгүн түштөн кийин Стамбулдан 212 кыргызстандыкты салган учак учуп келет. Бардык жарандар «Ак кемедеги» обсервацияга жаткырылат. Өкмөт чет мамлекеттерде калып калган кыргызстандыктарды алып келүү боюнча иштерди улантууда.

Кечээ ЖК депутаты Исхак Пирматов өкмөт бүгүнкү күндөн тарта чартердик каттамдарды кабыл алууга убада бергенин билдирген.

Буга чейин Новосибирскиден өлкөгө келе албай калып калган мигранттар, «кыргыз өкмөтүнөн үмүттөрү өчкөндүктөрүн» белгилеп, айла жоктон РФнын президенти Владимир Путинге жардам сурап кайрылышкан.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх