Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Соцтармактын колдонуучулары эл менен жолугушууларга бет капсыз барган Сооронбай Жээнбековго нааразы (фото)

Ал эми коңшулаш мамлекеттердин президенттери коопсуздук чараларын катуу сакташууда

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн борбор калаанын Октябрь районунун муктаж жашоочуларына арналган гуманитардык жардам таңгакталып, бөлүштүрүлүп жаткан «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасына барган.

Интернет желесинин колдонуучулары Бишкектин мэриясынын кызматкерлери, анын ичинде шаар мэри Азиз Суракматов жана президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаевдер медициналык бет капчан, ал эми өлкө башчысы бет капсыз барганына көңүл бурушкан.

Президент ошондой эле Жогорку Кеңештин 15-апрелинде өткөн жыйынында да маскачан отурганы белгиленген.

Жээнбеков жеке кабинетинде аткаминерлерди кабыл алуу учурунда да өзү бет капсыз, ал эми ошол эле учурда өкмөт мүчөлөрү бул коргоо каражатын тагынып келишет.

Дарыгерлердин кеңешин көптөгөн мамлекеттердин президенттери сактап жатканын белгилей кетүү керек.

Мисалга, Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаевди блокпостторду кыдырууда жана башка кеңешмелерде бет капсыз дээрлик көрүүгө болбойт.

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинди фото сүрөтчүлөр коргоочу костюмчан тартып алышкан. Анда, бирок, ал коронавируска чалдыккандарды көрүүгө барган эле.

Vesti.kg эмне үчүн өлкө башчы коопсуздук чараларын сактабай жатканын аныктоону чечкен. Бирок, президенттин басма сөз кызматынан бул боюнча жооп алууга мүмкүн болгон жок.

 

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы өзгөчө абал режимин бузган, анын ичинде коомдук жайларда бет капсыз жүргөн жарандарга айып пул салынарын маалымдаган. Жеке жактар үчүн 1000 сом, ал эми юридикалык жактарга - 5000 сом.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх