Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Россиядагы кыргызстандык: Кээ бир депутаттар мигранттарга ачкачылык жарыялагыла деп кеңеш берип жатышыптыр (видео)

«Үйлөрүнө тамак-ашты үйүп алышып жатышат, өздөрү ачкачылык кылышсын андан көрө»

Кээ бир депутаттар Кыргызстанга келе албай калган мигранттарга күн сайын учак барат деп убадалашып, ал эмес ачкачылык жарыялаганга көндүртүп жатышыптыр. Бул тууралуу Россиядагы кыргызстандык мигрант, Фейсбуктун «Азамат Советник» аттуу колонуучусу жеке баракчасына жазып чыкты.

Ал кыргызстандыктардын арасында дүрбөлөң салган депуттардын арасындагы маңкурттукту токтотууга чакырган.

«Өтө «акылдуу» депутаттарга кайрылат элем. Үйлөрүнө тамак-ашты үйүп алып, Москвадан кете албай калып калган кыргызстандыктарга «ачкачылык кылсаңар, силерди алып кетишет» деп атышыптыр. Ушундай «маңкурттукту» токтотсок жакшы болмок. Күн сайын бир нерсенин башын, мисалы учак жиберебиз деп убадалашат экен. Силер биринчи учакка уруксат алып, расмий негизде каттатып анан сүйлөсөңөр боло. Андан көрө, үйдө курсакты салаңдатып жата бербей, өздөрү ачкачылык кылышса болмок» , - деген кыргызстандык.

Мигрант ошондой эле, биринчи жарандарга мекенинде шарт түзүп берүү керектигин белгилеген.

«Россияда мекенине кайткысы келген 200 миңдей кыргызстандык бар. Алар ачкачылык баштаса, башкалары кошулат. Депутаттар, силер 200 миң кыргызстандыкты алып кетүүгө даярсыңарбы? Ооба десеңер анда бул башка маселе. Биринчи ойлонуп, аракет көрүп анан кеңеш берүү керек. Мен деле ачкачылык баштагыла деп айта алам. Абалды анализ кылып, анан бир нерсе айтып чыксаңар. Элди тынчтантуунун ордуна дүрбөлөңгө түшүрүп жатасыңар. Мигранттар депутат айтып койсо эле самолеттор уча баштайт деп ойлоп жатышат. Бул андай эмес, урматтуу достор, алар эч нерсе кылышпайт» , - деген ал.

Фото жана видео www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх