Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов дарыгерлердин арыздары боюнча үн катты
«Биз келип түшкөн бардык сын-пикирлер менен сунуштарды окуп, талкуулап жана аракет көргөнгө аракет кылып жатабыз»
КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы учурда ата мекендик ак халатчан кызматкерлердин нааразачылыктарынын көбөйүп жатканына байланыштуу мекеменин башчысы Сабиржан Абдикаримовдун кайрылуусун таратты.
«Азыркы учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарегине, ошондой эле социалдык тармактарда системаны тартипке келтирүү, медициналык кызматкерлерди коргонуу каражаттары менен камсыздоо, кошумча финансы жана социалдык сыйлыктарды караштыруу, өзгөчө абал учурунда талаптагыдай коопсуздук жана эмгек шарттарын түзүп берүүгө байланышкан иш-аракеттерди жакшыртуу боюнча саламаттыкты сактоо кызматкерлеринен көптөгөн арыздар менен сунуштар түшүүдө. Биз келип түшкөн, өзгөчө медперсоналдын муктаждыктары жана коопсуздугун камсыздоого ыкчам аракеттерди көрүү боюнча бардык сын-пикирлер менен сунуштарды окуп, талкуулап жана аракет көргөнгө аракет кылуудабыз.
Ал эми башкаруу принциптери, индикаторлорду кайра кароо, алгачкы медикалык-санитардык жардам деңгээлинде КТУ ж.б. байланыштуу системалык өзгөртүүлөр боюнча маселелер тыкыр талдоону жана ар тараптуу талкуулоону талап кылат. Коронавирус пандемиясы басаңдай баштаганда биз аларга сөзсүз кайра кайрылабыз. Саламаттыкты сактоо министрлиги диалогго ачык жана кесиптештеринен эч жабылып алган жок, биз биргеликте кыргыз жарандарынын саламаттыгыгын коргоп, кыйынчылктарга каршы турабыз», - деп билдирген Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы.
КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору
Фото www