Стамбул-Бишкек кезектеги чартердик каттамы 24-апрелге белгиленди
Биринчи кезекте учакка жашы улгайган жүргүнчүлөргө, балдарга, аялдарга жана ден-соолугунда көйгөйлөрү барлар алынат
Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттүк түзүмдөрү 24-апрелде Стамбул-Бишкек чартердик каттамдын ишке ашырылышы боюнча келишимге келишти. Бул боюнча КРнын ТИМнин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, Кыргызстандын жарандарын алып кетүү 2020-жылдын март айынан тарта Кыргыз Республикасынын Түркия мамлекетиндеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан түзүлүп жакан тизме боюнча жүзөгө ашырылат. Биринчи кезекте учакка жашы улгайган жүргүнчүлөргө, балдарга, аялдарга жана ден-соолугунда көйгөйлөрү барлар алынат.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз