ЖК депутаты: Өкмөт Россиянын аймагында калып калган жарандардын абалына пыш деп да койгон жок
Ирина Карамушкина бийлик КРнын жарандарын алып келүү маселесинде орус тарапка жоопкерчиликти оодарып жатат деп эсептейт
Республикалык штабды Кыргызстандын өкмөтүн баш кылып аракетсиздиги жана Москвадан чартердик каттамдардын жоктугу үчүн жазалаш керек. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына берген маегинде Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина бөлүштү.
Анын айтымында кабмин Россиянын аймагында калып калган жарандардын абалына пыш деп да койгон жок. Эл өкүлү бийлик атайын жоопкерчиликти ору тарапка оодарып жатат деп эсептейт.
- Биз Россия бизге бардык жагынан жардам берүүгө милдеттүү деп ушунчалык көнүп калганбыз - деди Карамушкина. - Таң калычтуу биз Россия менен стратегиялык өнөктөштөрбүз, бирок, Түркиядан эмнегедир кыргызстандыктарды алып келип жатышат. Бул кош көңүлдүктүн жеткен чеги да.
Мындан сырткары, парламент мүчөсү вице-премьер-министр Кубатбек Боронов башында турган Республикалык штабдын кызматкерлерин айып пулга жыгуу керектигин кошумчалады.
-Россиядагы кыргызстандык жарандарга кайдыгер мамиле кылган өкмөттү, анын ичинде ТИМди, Миграция боюнча мамкызматты жана башка тиешеси барлардын бардыгын жоопкерчиликке тартуу зарыл, - деп белгиледи ал. - Бир айлык эмгек акыларын алып салуу керек. Биз ЖККУ боюнча шериктешпиз. Жарандарыбызды Россиядан алып келүүгө болот эле го. Жеке биз тараптан аракетсиздик болуп жатат.
Эске салсак, 17-майда Стамбулдан чартердик каттам менен кыргызстандыктар учуп келди. Ал эми Тышкы иштер министрлиги да, Республикалык штаб дагы ушул күнгө чейин Россияда калып калган кыргызстандыктарды алып келүү маселеси чечилерин айтпай келишет.
Эльдос Казыбеков
Фото www