УКМК: Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Ал белгисиз себептер менен сотко катышуудан баш тартты
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мурдагы президенттин эч кандай арыз дооматы жок экенин баса белгилейт
Кой-Таштагы окуялар боюнча соттук отурумдун жылдырылганы боюнча тарап жаткан маалыматка байланыштуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдайт:
«Учурда Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Эч кандай арыз дооматы жок. Дарыгерлер күнү-түнү саламаттыгын көзөмөлдөп турушат. Бирок, белгисиз себептерден улам 2020-жылдын 22-апрелинде Атамбаев соттук отурумга катышуудан баш тартты», - деп жазылат Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тараткан маалыматта.
Эске салсак, буга чейин мурдагы президенттин жактоочусу Сергей Слесарев Алмазбек Атамбаевдин кан басымы кыйла түшүп, мындан улам сотко катыша албай калганын Vesti.kg сайтына билдирген.
Фото www