Адвокат: Сапар Исаковду жашыруун СИЗОдон колонияга которуп жатышат
ЖАМКда бул маалыматты тактап жатышканын айтышты
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду тергөө изоляторунан түзөтүү колониясына которуп жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.
Анын айтымында азыркы учурда бул тууралуу расмий маалымат жок.
- Мен өзүмдүн расмий эмес булактарымдан маалымат алдым, - деп тактады ал. Мен Биринчи май районунун судьясы маселени тактоо үчүн СИЗОго расмий кат жөнөтүшүн талап кылдым. Бирок, судья баш тартып жатат.
Юрист Тарых музейинин жана Чолпон-Атадагы ипподромдун реконструкциясы боюнча соттук иш аягына чыга электигин, мындан улам Исаковду колонияга которуу мыйзамсыз экенин эске салды.
- Мындан сырткары бийлик Исаковду криминалдын таасиринен сактоого чара көрүшү керек болчу, анткени ал мамлекеттик сырды алып жүрүүчү болуп саналат, - деп белгиледи.
ЖАМКнын басма сөз кызматы Исаковдун колонияга которулган-которулбаганы боюнча маалыматты тактап жатышканын Vesti.kg сайтына билдиришти
Гулиза Чудубаева
Фото www