Олег Панкратов өзүнүн отставкасы туурасында: Бул президент менен макулдашылган чечим
Сооронбай Жээнбековдун экс-кеңешчиси кайсы кызматка бара турганын азырынча ачыктаган жок
Олег Панкратов башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу Кыргызстандын президентинин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Панкратов өзү кабарлады.
- Бул президент менен макулдашылган чечим, - деди ал. - Жаңы кызмат туурасында азырынча толук маалымат бере албайм.
Өлкө башчысынын кеңешчиси кызматын Олег Панкратов 2019-жылдын июль айынан тарта ээлеп келген.
Ага чейин ал Экономика министрлигинин башчылыгында турган.
Зулайка Эркимбаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз