Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Вице-премьер-министр карантин маалында сулуулук салонунда жүрөбү?

Аида Исмаиловага окшош айымдын сулуулук салонуна кирип бара жатканын шаардык тургун видеого тартып алган

Кечээ жакында эле вице-премьер-министрликке дайындалган Аида Исмаилова Бишкекте киргизилген өзгөчө абал режимин бузуп жүрөбү? Vesti.kg сайтына видео жөнөткөн бишкектик тургун ушундай суроону салды.

«Вице-премьер карантиндин талаптарын бузууда, - деген ал. –Сулуулук салонуна кирип кетти».

Окурман жиберген видеодо Аида Исмаиловга түспөлдөшкөн кара чачтуу айым сулуулук салонуна кирип баратканын көрүүгө болот. Автордун айтымында видео бүгүн, болжолдуу саат 10:30да Токтогул жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде тартылган.

Бул жерден бир эмес, бир нече суроо туулат: биринчиден, видеодогу вице-премьер деп божомолдонуп жаткан айым карантиндин талаптарын айдан ачык бузуп жатат. Экинчиден, саат - жумуш кызып турчу күндүзгү 10:30, демек, ал иш бөлмөсүндө болушу керек эле да? Үчүнчүдөн, дегеле сулуулук салону азыркы күндө кандайча иштеп жатат?

Жакында эле соцтармактардын колдонуучулары карантиндин башталганына дээрлик бир ай болсо да, Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиевдин дайыма чачы чыкыйта жаңы эле кыркылгандай болуп жүргөнүнө көңүл бурушкан. «Өзгөчө абал учурундагы тыюуларды бардыгы эле сактап жатабы, андай эмес окшойт, кейпи?» деп жазышкан колдонуучулар.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх