Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жактоочу: УКМКнын жетекчилиги Атамбаевдин ден-соолугу начар экенин беш колдой билет, бирок, эч кандай чара көрүлгөн жок

Кой-Таш окуялар боюнча соттук иш кайра жылдырылды

Абактагы Алмазбек Атамбаевдин кан басымы төмөн болуп жатат, буга байланыштуу Кой-Таш окуялары боюнча соттук иш кайра жылдырылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

- Алмазбек Атамбаевдин кан басымы төмөн, мындан улам башы айланып, көбүнчө эртең менен өзүн абдан начар сезет, - деп тактады юрист. - Буга байланыштуу ал ушуну менен неченчи ирет сотко келе албай жатат. Ал муну атайылап жасап аткан жок, ден-соолугунан сотко катыша албай жатат. Муну УКМКнын СИЗО жетекчилиги да, сот дагы түшүнбөй, абактан сырткары талаптагыдай дарылануусу үчүн
эч кандай чара көрбөй жатышат.

Жоошев эмнеге Атамбаев УКМКнын СИЗОсунда эмес, жеке клиникада дарыланышы керектигин түшүндүрдү.

УКМКнын имараттарында дарылануу мүмкүн эмес, анткени, СИЗОнун дарыгерлери биздин пикирибизде медициналык дары-дармектер жана шаймандар менен камсыздалган эмес, - деп кошумчалады ал. - Андыктан ага жеке клиникада дарыланууга мүмкүндүк берүү зарыл. Ага тергөө изоляторунан алып чыгууга уруксат беришсе, жакындары дары-дармектерди өздөрү камсызз кылышат.

Жактоочунун айтымында учурда алар Атамбаевди дарыланууга коё берүү өтүнүчү менен расмий түрдө кайрыла албай жатышат, анткени юристтерге анын саламаттыгы тууралуу документ бериле элек.

- Биз буга чейин анын артериалдык кан басымынын суткалык көзөмөлүнүн жыйынтыктарын расмий түрдө сураганбыз, бирок, бизге аны берүүдөн баш тартып коюшту, - деди Жоошев. -Буга байланыштуу бизде азыр таяна тургандай материал жана далилдер жок. Андыктан биз расмий түрдө кайрылбай, ЖМКлар менен социалдык тармактарда анын ден-соолугу жөнүндө маалымат таратып жатабыз. УКМКнын жетекчили анын ден-соолугу начар экенин беш колдой билет, сот да муну түшүнүп жатат. Бирок, чара көрүлгөн жок. Негизи, жазык-процессуалдык кодекске ылайык, СИЗОдо кармалуу адамдын саламаттыгы менен өмүрүнө зыян алып келбеши керек.

Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугунан башка соттук отурумду жылдырууга айрым жактоочулардын жоктугу себеп болгон.

Замир Жоошев юристтерде шаар ичинде жүрүүгө өткөрмө кагаздар жок болушу мүмкүн деп болжоду.

Кийинки соттук отурум үстүбүздөгү жылдын 29-апрелине белгиленди.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх