УКМК: Атамбаев соттук отурумга катышуудан өзү баш тарткан
Чекисттер мурдагы президенттин ден-соолугу канааттандырарлык экенин ишенимдүү айтышууда
Учурда Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугу канаттандырарлык. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирет.
«Аны дарыгерлер күнү-түнү көзөмөлдөп жатышат. Соттук отурум боюнча ал өзү баш тартуу боюнча арыз жазган», – деп жазылат Улуттук коопсуздук комитетинин пресс-релизинде.
Эске салсак, буга чейин мурдагы президенттин жактоочусу Замир Жоошев Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы окуялар боюнча соттук отурумга ден-соолугуна байланыштуу катыша албай турганын Vesti.kg сайтына билдирген. Юристтин айтымында мурдагы президенттин кан басымы кыйла түшүп кеткен.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз