Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коомдук ишмер: «Өзгөчө абалды токтотуу керек». Эмнеге?

«Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий билдирүүлөрү коронавирустук инфекциянын туу чокусунан өткөнүбүздү далилдеп жатат»

Кыргызстанда өзгөчө абалды 2020-жылдын 1-майынан тарта, ал эми өзгөчө кырдаалды 1-июндан тарта алып салуу зарыл. Бул тууралуу «Таза Кол» фондунун төрагасы, коомдук ишмер Расул Умбеталиев айтып чыкты.

«КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн күн сайын өткөргөн брифингдердеги билдирүүлөрү коронавирустук инфекциянын жогорку чегинен өткөнүбүздү далилдеп жатат, - деди ал. - 26-апрелге карата 17 жаңы учур катталып, жалпы ооругандардын саны 682 болду. Муну менен бирге ооруканалардан 370 киши айыгып чыкты».
Коомдук ишмер Кыргызстан башка көптөгөн өлкөлөр сыяктуу эле абалды турукташтыра алганын болжоп, муну өлкөбүздө вирустан каза тапкандардын аз пайызы менен айыгып чыккандардын жогорку көрсөткүчү далилдей турганын билдирди.

«Баары бир, айыгып чыккандардын саны ооругандардан көп экени таң калтырбай койбойт, - деп жазган Умбеталиев. – Дүйнөдө коронавируска каршы вакцина жана дары бекитиле элек. Биздин Саламаттыкты сактоо министрлигибиз менен дарыгерлерибиз - дүйнөнүн эң алдыңкылары окшойт».

Биздикиндей абалдагы башка мамлекеттер COVID-19 илдет менен күрөшүүнүн экинчи этабына өтүшүп, карантиндик чектөөлөрдүн алынганын жарыялашууда.
«Андыктан, Кыргызстанда Нарын жана Нарын облусунан башка аймактарда 1-майдан тарта өзгөчө абалды алып салуу керек. Нарында акыркы күндөрү катталгандар көп, инфекциянын жогорку чеги өтө элек», - деп эсептейт фонддун төрагасы.
Демек, кичи бизнестин айрым тармактарына коммерциялык ишмердүүлүктөрүн жандантууга уруксат берүү зарыл. Албетте, санитардык нормалардын сакталуусун милдеттендирүү менен бирге, - дейт ал.

Ал эми, 15-майдан тарта Умбеталиевдин пикиринде орто бизнестин субъектилерине дагы иштөөгө уруксат берүүгө болот.
 1-июндан баштап болсо Кыргызстандын экономикасынын бардык субъектилерин жандантып, Ош жана Жалал-Абад облустарынан башка жерде (бул эки облуста жер көчкү жана сел жүрүү коркунучу бар) Өзгөчө кырдаал режимин алып салууга болот, - деп сунуштады ал.

«Балким, күзгү-кышкы маалда коронавирустук инфекциянын экинчи толкунуна даярдануу керек болот, - деп болжоду Расул Умбеталиев..
Ал өкмөттүк аткаминерлер коронавирустук инфекция эпидемиясынын кесепетинен келген финансылык каатчылыкты жеңүүгө жоопкерчиликтүү мамиле кылууга тийиш деп белгиледи.
«Болбосо, өз эрктери менен отставкага кетип эле калышсын, - деди коомдук ишмер.

Сөзүнүн жыйынтыгында Расул Умбеталиев кыргызстандыктарды ыйык Орозо айы менен куттуктап, бекем ден соолук жана иштеринде ийгилик каалап өткөн.

«Ал эми өкмөттүк аткаминерлерди мындай оор жана чечкиндүү күндөрү элине карата кайрымдуу жана жоопкерчиликтүү болууга чакырам, - деп кошумчалады ал. Кыскача айтканда - өлкөнүн калкынын аз камсыз жана аярлуу катмарларын азыраак тоношсун».

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх