30-апрелде Жогорку Кеңеште Өзгөчө абал режимин узартуу же токтотуу маселеси каралат
Депутат Сурабалдиеванын айтымында парламентте өкмөткө берилчү суроолор көп
30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстанда Өзгөчө абал режимин узартуу же токтотуу маселеси каралат. Бул тууралуу Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасында депутат Элвиру Сурабалдиева жазды.
«30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында ӨА режимин узартуу же токтотуу маселесин карайбыз. Парламенттин өкмөткө берчү суроолору көп - жардамдарды бөлүштүрүү, мамлекеттин жарандарга көрсөткөн колдоосу, чакан жана орто бизнес, чет өлкөлөрдө калып калган биздин жарандар. Сиздердин суроолоруңуздар болсо комментарийде жазыңыздар, сураныч.
P.S. Пандемия биздин жашообузду ушунчалык өзгөртүп, биз айлап бет капчан жүрчү убакыт келерин ким билиптир», - деп жазган Сурабалдиева.
Фото www