«Биримдик»: Биздин партия көрсөткөн жардамды кайрадан башкалар өздөрүнө ээлик кылгысы келди
Аз камсыз үй-бүлөлөргө 100 тонна картошканы чынында ким жиберген?
«Биримдик» партиясы тарабынан кечээ-жакында Бишкектин муктаж үй-бүлөлөрүнө жөнөтүлгөн 100 тонна картошка Фейсбук социалдык тармагындагы узун талашка жем таштады.
Анонимдик колдонуучулар Караколдо сатылып алынган 100 тонна картошканы чынында саясий партиянын өкүлдөрү эмес, ысык-көлдүктөр өзү жиберишкенин ишенимдүү билдире башташкан. «Биримдик» болсо жөн гана абалдан пайдаланып, өзүнө пиар кылып алышты, - дешкен ал,.
Vesti.kg анонимдик билдирүүлөрдө аты аталган партиянын мүчөлөрүнүн бири Алмаз Уланов менен байланышты.
- Алмаз Уланович, «Биримдик» партиясы менен жеке сизге чоочун эмгекти өзүлөрүнүкү кылып көрсөтүп коюшту деген айып тагышты. Ысык-Көлдүктөр ал картошканы өзүлөрү бишкектиктерге жөнөтүшкөнү айтылууда. Чынында кандай болду эле?
-Биз кадимкидей эле карантиндин шартында муктаж адамдарга жардам берип жатканбыз. Негизи эле, бул жөнүндө бир нерсе деп айтуу абдан жагымсыз болуп жатат. Мактангың да келбейт, актануу ого бетер оор болууда.Бир нерсе гана айта алам - биз чын жүрөктөн колубуздан келген жардамды берип жатабыз. Эл оозунда элек жок, ошол сөздөрдү чыгаргандарга кудай тараза. Биз ыйык Орозо айынын алдында Бишкектин миңдеген үй-бүлөлөрүнө таратып үлгүргөнүбүзгө сүйүндүк.
- Бул жалган кабар ким таратканын териштиресиздерби?
- Бул биздин партия көрсөткөн жардамды башкалар өзүнүн атынан көрсөткүсү келген биринчи эле учур эмес. Биз буга чейин деле эч нерсени териштирчү эмеспиз, мында да антпейбиз. Биз жардам берип келгенбиз, эми да жардам беребиз - өзгөрбөчү нерсе мына ушул.
Vesti.kg партиялаштары менен чогуу өз каражаттарына караколдук дыйкандардан картошка сатып алып, Бишкекке жөнөткөн «Биримдик» партиясынын мүчөсү Талантбек Имановдун өзү менен дагы сүйлөштү.
Партиянын штабы Иманов журналисттер менен жолугуша албасын, анткени жакында эле ооруканага жатып калганын эскертишти.
- Талантбек Орускулович, абалыңыз кандай? Картошканын тегерегиндеги чырга байланыштуу эмеспи?
- Чынын айтсам, мен бул жөнүндө сөз кылгым келген эмес. Ушунчалык ыңгайсыз, жагымсыз… Бирок, айтууга туура келет окшойт, анткени, бул жерде сөз мен жөнүндө эле эмес, менин партиялаштарым туурасында да болуп жатат.
Биз партиядагы санаалаштарыбыз менен чындыгында эле өз каражаттарыбызга 100 тонна картошка сатып алганбыз. Жарыя кылалык деле деген эмеспиз. Колдон келчү ишти жасадык.
Биз Бишкектин эли менен бирге караколдук дыйкандарыбызга да жардам берүүнү көздөгөнбүз да. Алардын кампалары товарга толгон бойдон өтпөй турат…Ушундай кош жардам болду, айтор.
- Фейсбуктагы пост тууралуу сизге ким айтып берди?
- Партиялаштарым чалышты. Албетте, бардыгы шок абалда болуп, ачууланышты. Мени колдогон кесиптештериме ыраазычылык айткым келет. Азыркыдай маалда эмес, жай турмушта бири-бирибизге жакшы сөз айтууга убактыбыз жок. Бирок, Фейсбуктагы ошол билдирүүдөн кийин мен абдан көп жакшы сөздөрдү уктум. Рахмат силерге, достор.
Ал эми бул дезинформацияны баштаган, ушундай сооптуу иштерди дагы өзүнүн ыплас технологияларына колдонууга аракет кылгандарга айтаарым: азыр ким эмне кылды деп күч сынашчу убакыт эмес. Биз жарандарыбызга жардам берип, апаттан чогуу чыгуу үчүн азыр биригишибиз керек.
Фото «Биримдик»