Дастан Бекешев: Өзгөчө абалды балким 10 же 15 күнгө узартышат
Парламент мүчөсү коменданттын саатты калтыруу менен бирге айрым жеңилдиктерди киргизүүнү сунуштады
ЖК депутаты Дастан Бекешев Өзгөчө абал алкагында айрым жеңилдиктерди киргизип, бирок коменданттык саатты калтырууну сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жазган.
«Өзгөчө абал режими, кыязы 10 же 15 күнгө дагы узарат го. Бирок, жеңилдиктерди киргизүү керек. Сулуулук салондору менен чачтарачтарга иштөөгө уруксат берсе болот, бирок, коронавирустук инфекция жуктургандарды аныктоо үчүн аларга кардарларын журнал же мобилдик тиркемелерге каттоону милдеттендирүү зарыл. Соода түйүндөрүн деле ача берип, бирок, аралыкты сактоону, бет каптарды тагууну жана тепловизор менен дене табын текшерүүнү милдеттүү кылуу кажет. Азык-түлүк дүкөнүндө продукту аласыңбы же курулуш дүкөнүндө кирпич сатып аласыңбы - айырма жок.
Бардык жеке медициналык уюмдар менен лабораторияларга да иштөөгө уруксат берүү зарыл. Арийне, жогоруда айтылган эрежелерди сактоону милдеттендирүү менен бирге. Элдерге ата-энелерин көрүүгө барууга, сейил бактарында сейилдеп же спорт менен машыгууга да уруксат берүү керек. Бирок, коменданттык саатты азырынча калтырып, ресторандарды ачпай турса болот», - деп жазган Бекешев.
Эске салсак, 30-апрелде Жогорку Кеңеште Кыргызстанда өзгөчө абал режимин узартуу же токтотуу маселеси каралат.
Фото www