Равшан Жээнбековдун атынан интернетке тараган кайрылууну анын жактоочусу жазган. Жээнбеков жактоочусун импровизация кылды деген пикирде
Абактагы саясатчы ЖАМКнын жетекчилигине сын-пикирди жазбаганын ишенимдүү айтты
Кечээ, 2020-жылдын 28-апрелинде Фейсбук тармагында Равшан Жээнбековдун атынан макала жарыяланып, анда Бишкектеги СИЗО-1дин администрациясы экс-депутаттын укуктарын чектеп, туугандары жана жакындары менен кат алмашууга мүмкүндүк бербей жатканы жана кыйноолор орун алганы баяндалган. Мындан сырткары, Жээнбеков ЖАМКнын жетекчилигине юридикалык баа берүүнү суранган.
ЖАМКнын жетекчилиги соттолуучу Жээнбеков менен жолугуп, ал өз колу менен ЖАМКнын жетекчилигинин жана СИЗО-1дин администрациясынын дарегине терс мүнөздөгү эч кандай кайрылуу жасабаганын жазуу түрүндө билдирген. Ал ошондой эле камерада отуруп, мындай кайрылуу кылганга мүмкүндүгү жок экенин да белгилеген.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинде соттук отурумдун жүрүшүндө ал жактоочусуна анын жакындары менен кат алмашуу мүмкүндүгү туурасында гана өзүнүн пикирин ЖМКларга жеткирүүнү суранган. Башка сөз болгон эмес. Бирок, жактоочу импровизацияга жол берип, мүмкүндүктөн пайдаланып, Жээнбековдун атынан мамлекеттик органды коомчулуктун көзүндө каралоого аракет кылган.
ЖАМКда соттолгондордун арасында дүрбөлөң салууга аракет кылып келген жарандар туурасында маалыматтар бар. Социалдык тармактардагы терс жана чагымчыл мүнөздөгү кайрылуулардын бардыгы коомчулукту ЖАМКга каршы коюу үчүн жасалып, Равшан Жээнбеков жана башка соттолуучулардын атынан жазылып жатат. Эң башкысы - бул кайрылууларды алар өзүлөрү эмес, учурдан пайдаланып, өлкө үчүн ушундай оор кырдаалда социалдык тармактар аркылуу элди адаштырууга аракет кылган башка бирөөлөр чыгарышууда.
Бүгүнкү күнгө карата СИЗО-1де 1200ден ашык жаран кармалууда, алардын бардыгы киргизилген убактылуу чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алышты.
Коронавирустук инфекция менен күрөштүн алкагында ЖАМК тарабынан көрүлүп жаткан чараларга башка жактоочулар да, Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери. ошондой эле абактагылардын туугандары да түз көз карашта.
ЖАМКнын басма сөз кызматы
Фото www